Бишкекте “Мектептер-2030” глобалдык форуму башталды 

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Мектептер-2030” глобалдык форуму башталды.

Форум Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулду.

Аталган иш-чаранын максаты окуу процессинин натыйжалуулугун жогорулатуу, билим берүүнү жакшыртуу жана билим берүү системасын күчтөндүрүү болуп саналат.

Форумга 35 өлкөдөн жалпы 250дөн ашык делегаттар катышууда.

Анын алкагында мугалимдер, мектеп жетекчилери, жарандык активисттер, эл аралык уюмдар, донорлор жана мамлекеттик органдардын ортосунда талкуулар жүргүзүлөт.

Глобалдык форум бардык катышуучулардын ортосунда билим берүү чөйрөсүндөгү көйгөйлөрдү талкуулоо үчүн аянтча болмокчу.