Чолпон-Атада оор кылмышка шектүү катары издөөдө жүргөн УКТ мүчөсү кармалды 

 Чолпон-Ата шаарында издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү 1994-жылы туулган А.Т. аттуу жаранды кармашты.

Кармалган жаран өзүнүн кылмыштуу өнөктөштөрү менен бирге Бостери айылынын тургунунун жер тилкесин башка адамдын пайдасына алуу үчүн опузалашкан.

Оор кылмышка шектүү 1994-жылы туулган А.Т. аттуу жаран тергөө органдарынан качып, 2023-жылдын декабрынан бери издөөдө жүргөн. Азыр ал камакка алынды.

Кармалган жаран ИИМдин ыкчам каттоосунда К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары турат.