Өзгөндө мектеп окуучусу асынып алган. Анын туугандары кармалды

Учурда кылмыш иши козголду

Өзгөн районунда 13 жаштагы мектеп окуучусу сарайда асынып алган жеринен табылды. Каргашалуу окуя 25-майда болгон.

Маалым болгондой, өспүрүм ошол күнү чоң энесине келген. Кийин небересин сарайдан тапкан. Бала мойнуна жип байланган отурган абалда табылган.

Бул фактынын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси «Өзүн-өзү өлтүрүүгө чакыруу» боюнча кылмыш иши козголду. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы шектүү катары мектеп окуучусунун 21 жаштагы агасы жана анын жубайы кармалганын билдирди. Милиция кармалгандардын көрсөтмөлөрү тергөөчүлөрдө шектенүү жаратканын, ошондуктан соттук-психологиялык-психиатриялык экспертиза дайындалганын белгиледи.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жазганына караганда, Ош облустук психиатрия жана наркология борборунун маалыматы боюнча, кылмышка шектүүлөр психикалык оорулар боюнча каттоодо турган. Учурда тергөө иштери уланууда.

Кармалган аял туугандарына анын күйөөсү жээнин муунтуп өлтүрүп, мойнуна жип илип, өз жанын кыйган деп айткан.