Сот Тимур Файзиевдин үй камагындагы мөөнөтүн узартты

Бишкек шаардык Октябрь райондук тергөө сотунун 2024-жылдын 29-майындагы токтому менен тергөө тобунун жетекчисинин арызы канааттандырылды. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Elite House курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Ф.Т.А.га карата мурда үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасынын мөөнөтү 2024-жылдын 4-июлуна чейин узартылган.

Тимур Файзиев “кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу жана адалдоого” айыпталып, 2023-жылдын октябрында кармалман.