Садыр Жапаров жумушчу күчүнүн жетишсиздигине байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылды

 Президент Садыр Жапаров өлкөдө жумушчу күчүнүн жетишсиздигине байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырып, анда өлкө боюнча жумушчу күчү жетишпей жатканына байланыштуу акыркы эки жылдан бери активдүү иштеп баштаган тигүү цехтери, курулуш компанияларынын иши токтой баштаганын айтты.

“Тейлөө тармагына да кызматкерлер жетишпей жаткандыгы боюнча кайрылуулар түшүп, компаниялардын жетекчилери чет өлкөлөрдөн келе турган жумушчулар үчүн квоталарды көбөйтүшүбүздү суранышууда.

Ошондуктан ушундай кайрылуу кылууга туура келди. Кимде ким жумуш таппай жүргөн болсо, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине кайрылыңыздар.

Алар сиздерге жумуштарды сунуштайт. Эмгек акылардын көлөмү 20-30 миң сом (иш жөндөмдүүлүгүнө жана иштин көлөмүнө жараша мындан да жогору болот)”, – деп жазды президент.

Жапаров белгилегендей, иш боюнча суроолорго Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин тийиштүү адистери жооп берет.

Телефон аркылуу маалымат алуу иш күндөрү 09:00дөн 18:00гө чейин (ишемби, жекшемби – дем алуу күндөрү).

Байланыш телефону: 1899