ИИМ: Чет өлкөлүктөрдү сабаган жаран кармалды

Чет өлкөлүк жарандарды сабоого шек саналган 25 жаштагы Ж.А. кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

18-майдан тартып социалдык тармактарда чет өлкөлүк жарандар сабалган видео тарай баштаган. Анда 20-25 жаштардагы азиат түспөлүндөгү белгисиз жигит чет өлкөлүк жарандарды сабап жатканы чагылдырылган.

Алынган маалыматтар боюнча, аталган факт 18-майда таңда болгон. Белгисиз төрт адам «Дордой» базарына жакын жайгашкан үйгө кирип, чет өлкөлүк жарандардын денесине залал келтирип, андан кийин белгисиз тарапка качып кетишкен. Кармалган Ж.А. адамдарды чет өлкөлүктөр жашаган жерлерге ташыган.

Шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери улантылып, укукка каршы аракеттерге тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча чаралар көрүлүүдө.

Бишкекте болгон башаламандыктын натыйжасында 41 адам медициналык жардам сурап кайрылган. Учурда 11 адам стационардык дарылануудан өтүп жатат.

Эскерте кетсек, Бишкекте 17-майда кечинде башталган чет элдиктерге каршы нааразылык акциясы 18-майдын таңында гана аяктаган. Милиция акциянын катышуучулары менен макулдашууга жетишип, Чүй проспектиси ачылган.