Пакистандын тышкы иштер министри Бишкекке келет

Астанада Шанхай кызматташтык уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынынан кийин Пакистан Ислам Республикасынын премьер-министринин орун басары, тышкы иштер министри Мохаммад Исхак Дар Исламабадга бараткан жолдо Бишкекке кыска мөөнөткө токтойт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Мохаммад Исхак Дар борбор калаадагы ооруканаларга барып, Пакистандын жарандарын абалы менен таанышат. Ошондой эле министрлер кабинетинин жана Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү менен жолугат.

Бишкекте болгон башаламандыктын натыйжасында 41 адам медициналык жардам сурап кайрылган. Учурда 11 адам стационардык дарылануудан өтүп жатат.

Эскерте кетсек, Бишкекте 17-майда кечинде башталган чет элдиктерге каршы нааразылык акциясы 18-майдын таңында гана аяктаган. Милиция акциянын катышуучулары менен макулдашууга жетишип, Чүй проспектиси ачылган.