Ирандын президенти Эбрагим Раисинин тик учак кырсыгынан каза болгондугу айтылууда

Ирандын президенти Эбрагим Раиси жана тышкы иштер министри Хосейн Амир-Абдоллахян тик учак кырсыгынан улам каза болду. Бул тууралуу Mehr маалымат агенттиги билдирет.

Президент Эбрахим Раиси менен тышкы иштер министри Хосейн Амир-Абдоллахян отурган тик учак жекшемби күнү Чыгыш Азербайжандагы чытырман токойго кулап түшкөн.