Ош базарынан 93 даана норка тумакты уурдап кеткен жаран кармалды

Милиция кызматкерлери тарабынан норка тумактарды уурдоого шек саналган 38 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, жалпы баасы 511 миң 500 сомду түзгөн 93 даана тумак уурдалган.

«12-май күнү Ленин райондук милициясына Р.Т. аттуу жаран белгисиз адамга чара көрүү арызы менен кайрылган. Ошол эле күнү болжол менен саат 3:00 чамасында белгисиз адам Ош базарындагы контейнердин эшигин талкалап, анын ичинен 93 даана тумакты уурдап кеткен», — деп айтылат маалыматта.

Кылмыш-жаза кодексинин 205- беренесине (Уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 1986-жылы туулган М.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 83 даана норка тумак табылып, алынды.