Бишкекте Байтик Баатыр жана Ахунбаев көчөлөрү оңдоо иштерине байланыштуу жабылат

18-майдан тарта капиталдык оңдоо жумуштарына байланыштуу Бишкекте бир нече көчө жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Байтик Баатыр көчөсү Токомбаев көчөсүнөн Сүйөркулов көчөсүнө чейин, Ахунбаев көчөсү Манас проспектисинен Малдыбаев көчөсүнө чейин жабылат.
Байтик Баатыр көчөсүнүн Токомбаев көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгүндө, Ахунбаев көчөсүнүн Манас проспектисинен Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки тилкесинде бир нече этап менен капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөт.
«Аталган көчөлөрдө капиталдык оңдоо акыркы ирет 2001-2003-жылдары жүргүзүлгөн. Анын алкагында жолдун асфальт катмары, бордюрлар жаңыртылып, айрым тилкелер кеңейтилет. Жолдун үстүнкү катмарына майдаланган таш мастик асфальт төшөлөт», — деп белигиледи мэрия.

Ошондой эле, быйыл дагы төрт көчө капиталдык оңдоодон өтөт:
• Чүй проспектиси Манас проспектисинен Айтматов көчөсүнө чейин;
• Горький көчөсү Манас проспектисинен 7-апрель көчөсүнө чейин;
• Юнусалиев көчөсү Сухе-Батор көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейин;
• Жибек-Жолу проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин.

Мэрия түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана айдоочулардан маршрутту алдын-ала пландап алууну өтүнөт.