«Чыгыш-5» кичи районундагы Royal Sport комплексинин ордуна бала бакча ачылат

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары «Мектепке чейинки билим берүү мекемесин уюштуруу үчүн тиешелүү жер тилкеси менен административдик имаратты муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө» токтом долбоорун жактырды.

Токтомдун долбоорунда бала бакчанын дареги катары «Чыгыш-5» кичи району, 18/1 үйү көрсөтүлгөн. Мурун ал жерде Royal Sport комплекси болгон. Instagram тармагындагы баракчасында белгиленгендей, эки жыл мурун ал «масштабдуу реконструкцияга» жабылган.

Буга чейин мэрия бала бакчаны реконструкциялоо иштери башталганын билдирген. Ал болжол менен 500 орундуу болот.