Эдил Байсалов ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы жаңы өкүлүн кабыл алды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы жаңы өкүлү Самман Жунг Тапаны кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Эдил Байсалов аны кызматка дайындалышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады. Ал белгилегендей, Кыргызстан ЮНИСЕФтин социалдык саясат жаатындагы долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууга, балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого багытталган ишмердүүлүгүн жогору баалайт.

Эдил Байсалов ЮНИСЕФке Ирак жана Сириядагы согуштук аймактардан балдарды кайтарууга көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал балдар менен иштеген, анын ичинде турмуштук оор кырдаалдарга туш болгон, эмгек мигранттарынын жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар, майыптар менен иштеген социалдык кызматкерлердин потенциалын жогорулатууда, ошондой эле репатриацияланган балдарды реабилитациялоодо уюмдун колдоо жана көмөк көрсөтүүсүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар эки тараптуу күн тартибиндеги маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулап, мындан ары натыйжалуу өз ара аракеттенүүнүн жана балдардын жашоо деңгээлин жогорулатуу боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Жунг Тапа балдарды коргоо жана колдоо боюнча мындан аркы жемиштүү ишке даяр экендигин билдирди.