Рамиз Алиев Бишкек мэринин орун басары болуп дайындалды

 Рамиз Алиев Бишкек шаарынын мэринин турак жай-коммуналдык чарба маселелери боюнча орун басары болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка калаа мэри Айбек Жунушалиев кол койду.

Буга чейин Бишкек мэринин орун басары кызматын Жыргалбек Шамыралиев ээлеген. Ал кызматынан өз каалоосу менен бошотулду.

Ал эми Рамиз Алиев буга чейин “Тазалык” муниципалдык ишканасын жетектеп келген.