Өмүр тартуулаган кызматташтык

2024-жылдын 6-майында Бишкек шаарындагы Плаза мейманканасында  Куткаруучу Армиянын менен  (Армия спасения) тубаса жүрөк оорусун жеңген Кыргызстандык балдардын  жолугушуусу  өттү.

Бул жолугушууга Корея өлкөсүнөн  Куткаруучу Армиянын командири Чан Ман Хи мырза баштаган чоң делегация катышты. Ал эми Кыргызстандан  Кызыл жарым ай коомунун өкүлдөрү, Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо  боюнча илим-изилдөө институтунун  дарыгерлери, буга чейин операция болгон 100дөн ашык балдар,  ата-энелер  катышты.  Жолугушуу концерттик программа менен  коштолуп, ыраазычылык сөздөр айтылып, белектер тапшырылды. Операция болгон ар бир балага Куткаруучу Армия өз белегин тапшырды. Кореядан келген делегация атайын операция болгон эки баланын жашаган шарты менен таанышуу үчүн Балыкчыга жөнөштү. Ал жерден да тиешелүү материалдык жардамын, белектерин тапшырышат.

Эскерте кетсек, Түштүк Кореядагы Гиль ооруканасынын жүрөк хирургия бөлүмүндө 2013-жылдан баштап 2019-жылга чейин Кыргызстандык тубаса жүрөк оорусу бар 36 балага Куткаруучу Армиянын колдоосу менен акысыз   операция жасалган. 2019 жылкы пандемияга байланыштуу  Кореяга баруу мүмкүн болбой калгандыктан, кайрымдуулук акциясын  Кыргызстанда улантуу чечими кабыл алынган. 2020- жылдан тарта бүгүнкү күнгө чейин Бишкектеги мамлекеттик жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунда 72 балага операция жасалып берилди. Статистикага ылайык, Кыргызстанда жыл сайын тубаса жүрөк оорусу менен 500-650 бала төрөлөт. Ар кандай шартка байланыштуу алардын аз гана бөлүгүнө операция жасалып, ден-соолукта, бактылуу  жашоого мумкүнчүлүк алышат. Жүрөк оорусу менен ооруган балдардын бир жашка толуп толбой чарчап калгандары да жок эмес.

 Операция жасалуучу балдарды тандап алуунун негизги талабы – алыскы аймактарда жашаган жана социалдык жактан шарты оор үй-бүлөлөрдөн болуусу.  Ошентип Куткаруучу  армия тубаса жүрөк оорусу бар жалпы 108 балага операция жасоого демөөрчүлүк кылды.  Бул долбоор  Кыргызстан Кызыл жарым ай коому жана мамлекеттик Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо  илим-изилдөө институту менен биргеликте ишке ашып келе жатат.

Иш-чара 11 жылдан бери биринчи жолу Бишкек шаарында өтүп жатат. Бул иш чаранын  негизги максаты:  операция болгон балдар менен ата-энесине жолугуп, балдардын бүгүнкү абалын билүү, ден-соолугун суроо жана келечекте дагы кандай жардам керек экенин өз ооздорунан угуу болуп саналат.