Кыргызстанда быйыл “Өчпөс полк” жүрүшү өтпөйт. ИИМ себебин айтты

 Ички иштер министрлиги Кыргызстанда “Өчпөс полк” жүрүшү быйыл өтпөй турганын билдирди.

Маалым болгондой, мындай чечим “коомдук коопсуздукка болгон коркунучтарды эске алуу менен” кабыл алынган.

“Тартип бузуу жана эл көп чогулган жерлерде кылмыш жасоо тобокелдиктерин алдын алуу боюнча комплекстүү иш-чаралар көрүлүүдө”, — деп жазылат ИИМдин билдирмесинде.

Министрлик кыргызстандыктарды коопсуздук чараларын түшүнүү менен кабыл алууга чакырды.