Садыр Жапаровдун Азербайжанга болгон мамлекеттик сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди 

 Президент Садыр Жапаровдун Азербайжан Республикасына 24-25-апрелде болгон мамлекеттик сапары аяктады.

Сапардын алгачкы күнү Баку шаарында “Зугульба” резиденциясында Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров менен Азербайжандын Президенти Ильхам Алиевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

Андан соң өлкө Президенти Ильхам Алиев менен тар курамдагы сүйлөшүүлөр болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык, транспорттук, айыл чарба жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү маселелери талкууланды.

Тар курамдагы жолугушуудан кийин эки өлкөнүн лидерлери Кыргыз Республикасынын жана Азербайжан Республикасынын Мамлекеттер аралык кеңешинин экинчи жыйынын өткөрүштү.
Жыйындын жүрүшүндө эки өлкөнүн эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда кызматташууну өнүктүрүү боюнча мамилелеринде толугу менен бирдейлиги жөнүндө белгиленди.

Президент Садыр Жапаровдун Азербайжанга сапарынын алкагында бир катар документтерге кол коюлду.

Андан соң Азербайжандын лидери Ильхам Алиев менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Президент Садыр Жапаров жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасады.

Ушул эле күнү Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев Баку шаарынын Азадлык – борбордук көчөлөрүнүн бириндеги сейил бакта кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин ачылыш аземине катышты.

Кыргызстандын Президенти эки өлкө ортосундагы маданий байланыштардын маанилүүлүгүн жана Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы достукту чыңдоодо Чыңгыз Айтматовдун чоң ролун баса белгиледи.

Мындан тышкары, мамлекеттик сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров Азербайжандын жалпы улуттук лидери Гейдар Алиевди эскерип, анын күмбөзүнө гүлчамбар койду.

Мамлекет башчысы ошондой эле Гейдар Алиевдин өмүрлүк жары Зарифа Алиеванын мүрзөсүнө гүл койду. Белгилүү мамлекеттик ишмер Азиз Алиев менен профессор Тамерлан Алиевдердин да элеси эскерилип, мүрзөлөрүнө гүл коюлду.

Сапардын экинчи күнү Президент Садыр Жапаров Физули шаарына барды, ал жактан аны Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев өзү тосуп алды.

Анда эки өлкөнүн лидерлери Хыдырлы айылында болочок орто мектепке мезгил кутусун салуу аземине катышты.

Мектеп Кыргызстандын элинен боордош Азербайжан элине белек катары курулат.

Андан тышкары, Кыргызстан менен Азербайжандын Президенттери Физули жана Агдам шаарларынын өнүгүү планы менен таанышты.

Агдамга барганында Президенттер XVIII кылымдагы сарай комплексине барышты, ал жерде Карабах хандыгынын негиздөөчүсү Панахали хандын сарайы жана мүрзөсү бар.

Бул жерде Садыр Жапаров менен Ильхам Алиевге Азербайжан тукумундагы аттар көрсөтүлдү.

Андан кийин Президенттер “Жума” мечитине, байыркы “Шахбулаг” чебине барып, реставрация боюнча жүрүп жаткан иштер менен таанышты.

Азербайжан Республикасына болгон мамлекеттик сапарын аяктап, Президент Садыр Жапаров 25-апрелде Бишкек шаарына кайтып келди.