Бакуда КР Тарых музейинин баалуу экспонаттарынан түзүлгѳн кѳргѳзмѳ ачылды 

Азербайжандын борбору Баку шаарынын Гейдар Алиев борборунда Кыргызстандын Улуттук тарых музейинин “Улуттун кѳѳнѳргүс дѳѳлѳттѳрү” аталыштагы фотодокументалдык жана баалуу экспонаттардан түзүлгѳн кѳргѳзмѳсү ачылды.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, көргөзмө КР президенти Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 19-20-апрель күндөрү Азербайжанга болгон расмий сапарынын алкагында жетишилген макулдашуулардын негизинде ачылды.

КР президентинин иш-сапарынын жана Маданият күндөрүнүн алкагында, азербайжан интеллигенциясына жана маданий коомчулугуна көрсөтүлгөн Улуттук музейдин уникалдуу коллекциялары бир тууган элдин ачык суктануусун, кыргыз тарыхына болгон терен кызыгуусун жаратты.

Эки өлкөнүн маданият министрлери улуттук көөнөргүс дөөлөттөр менен таанышып, жогору баасын жана ыраазычылын билдиришти.

Байыркы жана бай коллекциялар томтому менен түзүлгөн музей көргөзмөсү, түрк дүйнөсүнүн жана эки элдин маданий кызматташтыгын жандандырууга , арттырууга турткү берет.