Кыргызстанда электромобилдерге жашыл мамлекеттик каттоо белгилери берилет 

 Президент Садыр Жапаров “КР айрым мыйзам актыларына (“Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө”, “КРдагы жол кыймылы жөнүндө” КР мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР Мыйзамына кол койду.

Бул мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2024-жылдын 14-мартында кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзамда электр кыймылдаткычтары бар дөңгөлөктүү транспорт каражаттарын пайдаланууда жеңилдиктерди берүү жана электр менен жүрүүчү транспорт каражаттарын заряддоо инфраструктурасын түзүү каралган.

Ошондой эле кабыл алынган мыйзамда мамлекеттик каттоодо электромобилдерге атайын жашыл мамлекеттик каттоо белгилерин берүү киргизилген.