КР Эмгек министрлиги менен Азербайжандын Диаспора менен иштөө боюнча комитети меморандумга кол койду

 Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Азербайжандын Диаспора менен иштөө боюнча мамлекеттик комитетинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Министрликтен билдиришкендей, меморандумга күн мурун, 24-апрелде эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова менен Диаспора менен иштөө боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Фуад Мурадов кой койду.

Меморандумда эки өлкөнүн ортосундагы диаспорага жана алардын социалдык-экономикалык интеграциясына байланыштуу ар кандай аспектилерде кызматташууну кеңейтүү, ар бир өлкөдө диаспора маселелерин чечүү үчүн биргелешкен иш-чараларды жүзөгө ашыруу каралган.

Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы достук жана өнөктөштүк мамилелерди чыңдоо үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ачат, ошондой эле эки өлкөнүн элдеринин жакындашуусуна өбөлгө түзөт.

Белгилей кетсек, кетсек меморандум түзүү Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Азербайжанга мамлекеттик визитинин алкагында мүмкүн болду.