Бишкекте катуу ылдамдыкта келе жаткан унаа ири жол кырсыгына себепкер болду – видео 

Бишкекте “Мадина” базарынын аймагында Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа катуу ылдамдыкта бара жатып, үч унааны сүзгөн.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, 24 жаштагы айдоочу рулга ээ боло албай калган.

Жыйынтыгында Mercedes-Benz унаасы Honda Stepwgn, Toyota Corolla, Toyota Camry үлгүлөрүндөгү унааларды сүзгөн.

Бактыга жараша жабыркагандар болгон жок, унаа ээлери материалдык чыгым тартты.