Балбан Амантур Исмаилов Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды 

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча балбаны Амантур Исмаилов быйыл Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына лицензия алды.
Ал 67 кг чейинки салмакта жолдомо үчүн беттеште кытайлык Хусиету Хусиетуну 9:1 эсебинде утту.
Буга чейин Түштүк Кореядан келген Ёнг Жин Рон атту спортчуга эки жолу 5 упайлык ыкма колдонуп, жыйынтыгында 11:0 ири эсебинде жеңишти камсыздай алган.
Бишкектеги Азиялык лицензиялык мелдештин жыйынтыктоочу күнү грек-рим күрөшү боюнча Олимпиадалык деп эсептелген 60, 67, 77, 87, 97 жана 130 кг чейинки салмактарда жолдомо ойнотулду. Ар бир салмакта финалга чыккан экиден балбан Олимпиаданын лицензиясына ээ болот. Финалдык беттештер болбойт.
Эске салсак, Олимпиада оюндары быйыл 24-июлдан 11-августка чейин Франциянын борбору Парижде өтөт.