«Альянс Алтын» Талас облусунда экологиялык долбоорлорду колдойт

Талас облусундагы Жерүй алтын кенин иштеткен “Альянс Алтын” компаниясы тарабынан 2024-жылдын 19-апрель күнү Талас шаарында  “Экологиялык диалог: Келечекке көз чаптыруу” аталышындагы тегерек стол өткөрүлдү. Тегерек столго Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүн кызматкерлери, экологдор, илимий кызматкерлер, студенттер, суу чарба, өзгөчө кырдаалдар, мамлекеттик жана бей өкмөт уюмдардын ошондой эле жарандык коомдун өкүлдөрү катышышты. Катышуучулар Таластагы экологиялык көйгөйлөрдү талкуулашты.

Белгилей кетсек 2023-жылы дагы компания тарабынан “Коопсуз чөйрө – коопсуз өлкө” аталышындагы тегерек стол уюштурулуп, жыйынтыгында Талас облусунда маштабдуу ишембилик болгон. Анда жайкы эс алуу сезонунан кийинки Талас токою тазаланып, Талас шаарынан эле 10 тоннага жакын таштанды чыгарылган.

Тегерек столдо жөн гана көйгөйлөр айтылбай, аны чече турган сунуштарды берүү талап кылынды. Демилгенин максаты, Таластын табиятына коркунуч келтирген аракеттердин алдын алуу жана биргеликте иш алып баруу.

Экологиялык коопсуздукту камсыздоону ортого салган талкуунун жыйынтыгында резолюция кабыл алынды. Анда Талас облусун жашылдандырууга, сууну үнөмдүү пайдаланууга, тазалоого, таштандылдарды сорттоого, өрт кырсыгынын алдын алууга жана токой аянттарын таза кармоого боюнча айтылган сунуштар жазылып алынды. “Альянс Алтын” компаниясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн кызматкери Асман Ташматовдун айтымында катышуучулар тарабынан 8 (сегиз)  сунуш түшкөн. Алдыда  алардын кайсынысын колдоого алып, канча каражат бөлүнөөрү тууралуу чечим чыгарылат. “Альянс Алтын” компаниясынын алдындагы өнүктүрүү фонду тарабынан ушул убакытка чейин экологиялык долбоорлорду колдоого 50 миллион сомго жакын каражат бөлүнгөн.

Аталган иш-чарда Жерүй алтын кенинин дагы экологияга тийгизген таасири тууралуу талкуу болду. Талкууга катышып жаткан экологдор компаниянын ишмердүүлүгү ар дайым көзөмөлдө болуп, текшерүүлөр жүргүзулүп келгенин жана 9 жыл аралыгында ири катачылыктарды кетирбегенин баса белгилешти. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас регионалдык башкармалыгынын башчысы Бекмурза Ашымов компаниянын экологиялык долбоорлорго жакын экенин айтып, облустун аймагнындагы айылдарда жана Талас шаарындагы таштынды полигондорун курчап берүүнү, “Беккари” чуңкурларын даярдоодо каржылык жактан колдоо боюнча “Альянс Алтын” компаниясына сунуштама бергенин кошумчалады.

Эске сала кетсек, “Альянс Алтын” компаниясы өзүнун ишмердүүлүгүн ачык жүргүзөт. Компаниянын коомчулук менен байланыш бөлүмү ар ай сайын “Жерүй Жарчысы” маалыматтык китепчелерин таратып турушат. Ал китепчеде компаниянын бир ай ичинде аткарган иштери, облусттун өнүгүүсүнө которулган каражатар, ишке ашкан долбоорлор ж.б.у.с баардык маалыматтар бар. Андан тышкары бийлик өкүлдөрү, жарандык коом, жергиликтүү тургундар, кызыктар тараптын баары менен тыгыз иштешип аларга ачык-айкын маалымат берип, кендин өндүрүштүк аймагына чакырып, тааныштырып турушат.