Кыргызстандын аймагында TikTok платформасы расмий түрдө бөгөттөлдү

Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргызстандын аймагында TikTok социалдык тармагы жабылганы боюнча маалыматты ырастады.

Ведомствонун маалыматына караганда, мындай чечим КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин катынын негизинде кабыл алынган.

“Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы байланыш операторлоруна аталган кызматтын жеткиликтүүлүгүн чектөө боюнча чараларды көрүү зарылдыгы тууралуу кат жөнөткөн. Чечимдин кабыл алынышына аталган платформанын КР “Балдардын ден соолугуна, ошондой эле балдардын физикалык, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнү болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө” мыйзамынын 2-1-беренесинин талаптарын аткарбагандыгы негиз болгон. Ага ылайык ден-соолукка жана балдардын өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматтардын түрлөрү аныкталат”, — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, өткөн жылы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан бул тармакты жабуу боюнча кадамдар жасалган, анткени балдар үчүн негативдүү контенттерге нааразычылыктар түшкөн.