Кантта тергөөчүнүн сабалышы боюнча үч шектүү кармалды

Кантта милиция кызматкерин сабоого шек саналган жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 14-апрелде болжол менен саат 4.00дө Кант шаарындагы Гагарин жана Зубков көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Маркет-24» дүкөнүнүн жанында 30-35 жаштагы азиат улутундагы адамдар 1991-жылы төрөлгөн К.Р. аттуу жаранды себепсиз ур-токмокко алышкан. Ал Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургиясы бөлүмүнө жаагы сынып, жаткырылган.

Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси «Бейбаштык» боюнча кылмыш иши козголду. Бардык зарыл болгон соттук-укуктук экспертизалар дайындалды. Жабырлануучу К.Р. Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү экени аныкталды.

Милиция кызматкерлери шектүү адамдардын өздүгүн аныктады, алар 1989-жылы төрөлгөн Д.А., 1991-жылы төрөлгөн И. Т., 1989-жылы төрөлгөн Э. У. аттуу жарандар болуп чыкты. Шектүүлөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө уланууда.

Эскерте кетсек, Чуй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы  Кантта Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү сабалганын билдирген.