Кыргызстанга Орусиядан 400 тоннага жакын гуманитардык жардам келди

Кыргызстанга Россиядан 400 тоннага жакын гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу Россиянын Бишкектеги элчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, гуманитардык жардамга 337,5 тонна байытылган буудай уну жана 60,7 тонна өсүмдүк майы кирет. 398 тонна азык-түлүктүн кезектеги партиясы Ош шаарына жеткирилди.

«Азык-түлүктүн кезектеги партиясы БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу өлкөнүн түштүгүндөгү калкка Россия Федерациясы тарабынан акысыз берилди. 398,2 тонна азык-түлүк БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Оштогу кампасына жеткирилди», — деп айтылат маалыматта.

Бул жардам коомдук инфраструктураны калыбына келтирүүгө, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жумшартууга жана Кыргызстандын мектептерин ысык тамак менен камсыз кылууга жардам бере турган долбоорлор аркылуу аялуу үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтөөрү белгиленет.

Элчиликтен белгилешкендей, азык-түлүк коопсуздугун жогорулатуу үчүн азык-түлүк өлкөнүн түштүк региондорундагы калкка таратылат.

«Долбоорлор ирригациялык тармактарды жана ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын калыбына келтирүү, бак-дарактарды отургузуу жана тобокелдиктерди азайтуу үчүн дарыялардын жээктерин бекемдөө, айылдык көпүрөлөрдү жана дренаждык тутумдарды куруу, жашоо каражаттарын жана айыл чарбасын жүргүзүүнүн алдыңкы ыкмаларын өнүктүрүү үчүн потенциалды бекемдөө боюнча тренингдерди камтыйт», — деп билдирди элчилик.