Акжол Махмудов Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Акжол Махмудов Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды

Чемпионат Бишкек шаарында 11-апрелден 16-апрелге чейин өтүүдө.

Кыргызстандык балбан 77 кг салмак ченинде мелдештин 1/4 финалынан тарта катышып, алгач казакстандык Ибрагим Магомадов менен күч сынашып, акыркы араткети үчүн 3:3 эсебинде жеңип, жарым финалга чыкты.

Ал эми финал үчүн беттеште Махмудов ирандык балбан Амир Али Абдини 11:2 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип чыкты.

Финалда кыргыз балбаны япониялык Нао Кусака менен кез келип, 2:4 эсебинде жеңилүү ызасын тартып калды.