Кара-Сууда беш жашар кызды зордуктоого шектүү жаран кармалды 

 Социалдык тармактарда беш жашар кызды зордуктаган деп кармалган адамдын сүрөтү жарыяланды.

“Кабар” агенттигине Ош облустук милициясынан билдиришкендей, аталган факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

Кылмышка шектелип эркек киши кармалып, Кара-Суу райондук милициясынын тергөө кызматына алынып келди.

Учурда укук коргоо органдары тарабынан ыкчам-иликтөө иштери жүрүп жатат.