Жалал-Абадда күйөөсүн өлтүрүүгө шектелген аял кармалды

 Жалал-Абад шаарында күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип 52 жаштагы Л.С аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Милициянын маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын 25-мартында саат 21:40 чамасында Жалал-Абад шаарындагы батирлердин биринде аял киши өзүнүн күйөөсүн учтуу нерсе менен сайып, натыйжада денесинен алган жараатынан улам күйөөсү окуя болгон жерде каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

Жалал-Абад ШИИБдин ыкчам-тергөө тобу, жетекчилиги прокуратура кызматкерлери менен бирге окуя болгон жерге барып тийиштүү эскпертизалар дайындалып, бир бычак далил буюм катары алынган.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду, тергөө иштери уланууда.