“Шереметьево” аэропортунда бир нече күн кармалган кыргызстандыктар артка жөнөтүлөт

 Кыргыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Москванын “Шереметьево” эл аралык аэропортунда кармалган кыргызстандыктар тууралуу бир катар такталган маалыматтарды таратты.

ТИМден белгилешкендей, күн мурун, 26-мартта Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкерлери жогоруда аталган аэропортко барышты, анда Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын Чек ара кызматынын жооптуу кызматкерлери жана “Аэрофлот” авиакомпаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуулар болду.

Жеринде аныкталгандай, Россиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган Кыргызстандын жарандары тамак-аш жана суу менен камсыз болуп жатат.

“Учурда 40 мекендешибиз Кыргызстанга жөнөтүүнү күтүп жатат. Бул жарандар авиакомпаниялардын жакынкы каттамдары менен Кыргызстанга жеткирилет”, – деп айтылат маалыматта.

Бул маселе Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги менен Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин көзөмөлүндө турат.