УКМК: Райымбек Матраимов жана анын бир туугандары кармалды  

 Эл аралык издөөдө жүргөн Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жана анын бир туугандары кармалды, деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, ал 25-мартта Азербайжандын аймагында кармалып, Кыргызстанга алып келди.

Ошондой эле аны менен бирге Райымбек Матраимовдун бир туугандары Тилек Матраимов, Руслан Матраимов, Исламбек Матраимов да алынып келинди.

Белгилей кетсек, Райымбек Матраимов жок кылынган “мыйзамдагы ууру” К. Асанбек (Көлбаев) менен тыгыз байланышта болгон жана бажы кызматынын кызматкерлеринен жана мамлекеттик ишмерлерден турган кылмыштуу топ түзгөн.

Тактап айтканда, Р. Матраимовго карата 169-берене (эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) жана 222-берене (кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) белгилери боюнча кылмыш иши жүрүп жатат.

Учурда кылмыш ишинин материалдарынын алкагында тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.