Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Алымкадыр Бейшеналиева депутат Жусупбек Коргонбай уулун сотко берди. Бул тууралуу жактоочу Кайсын Абакиров билдирди.
Анын айтымында, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкердик беделин коргоо боюнча доо арыз менен Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылган. Доомат депутаттын 2024-жылдын 14-мартында Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөгөн сөзүнө байланыштуу.
Жактоочу белгилегендей, Бейшеналиев чиновниктер сынга алынышы мүмкүн экенин түшүнүү менен кабыл алат.
“Бирок ошол эле учурда конструктивдүү сын менен негизсиз каралоонун, адамдын кадыр-баркын, аброюна шек келтирип, кемсинтүү максатын көздөгөн каралоодон айырмалоо зарыл”, – деди адвокат.
Министр депутаттын ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирип, чындыкка дал келбеген билдирүүсүн жокко чыгарууну жана моралдык зыян үчүн 10 миң сом төлөөнү сотко милдеттендирет дейт жактоочу.