Дуйнөдө биринчи жолу адамга чочконун бөйрөгү салынды

Бостондогу Массачусетс ооруканасынын дарыгерлери дүйнөдөгү биринчи жолу генетикалык жактан өзгөртүлгөн чочконун бөйрөгүн адамга трансплантациялоо операциясын ийгиликтүү ишке ашырышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Медициналык мекеменин сайтындагы сенсациялуу маалыматка караганда, дүйнөдө биринчи жолу генетикалык жактан өзгөртүлгөн чочко бөйрөгүн адамга трансплантациялоо 16-мартта болгон.

Белгиленгендей, орган 62 жаштагы кишиге трансплантацияланган (алдын бөйрөк оорусу бар). Жаныбардын органы 69 геномдук өзгөрүүлөргө дуушар болгон. Трансплантациялоо операциясынын өзү төрт саатка созулган.

Процедураны жетектеген доктор Тацуо Кавайдын айтымында, трансплантациядан кийин чочконун бөйрөгү кызгылт болуп иштей баштаган, бул бүткүл медицина кызматкерлеринин кол чабууларын жараткан.

Адистердин айтымында, чочконун бөйрөгү адамдын органынын көлөмүнө туура келет. Дарыгерлер бейтап өзүн жакшы сезип, жакында ооруканадан чыгарын белгилешти.