Сузактын тургунунун үйүнөн Өзбекстанга өтүүчү тоннель табылды

Анын тереңдиги 15 метрге, узундугу 130 метрге жетет. Ал эми бийиктиги 1,7 метрди түзөт.

УКМКнын маалыматы боюнча, тоннель аркылуу жарандар чек арадан мыйзамсыз өтүп, товарлар аткезчилик жол менен ташылып турган.

Учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.