Май айында Бишкек – Сочи – Бишкек багыты боюнча аба каттамдары жанданат

 Үстүбүздөгү жылдын 25-майынан тарта россиялык “Уральские авиалинии” авиакомпаниясы Бишкек – Сочи – Бишкек багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдарды аткара баштайт. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “Манас” эл аралык аэропортунан Сочиге каттамдар жумасына 1 жолу – ишемби күндөрү аткарылат.

Бул багытка байланыштуу бардык суроолор боюнча “МЭА” ААК авиакомпанияга түз кайрылууну сунуштайт.