Жалал-Абадда 61 млн сомго кинотеатр курулат

Мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалгандай, тендерди Капиталдык курулуш департаменти жарыялаган.

Белгиленгендей, маданий объектти Спутник кичирайонундагы Тарсус көчөсүндө жайгашкан Нооруз сейил багынын аймагына куруу пландалып жатат.

Объекттин сметалык баасы 61 млн сомду түзөт, конкурстук табыштамаларды 2-апрелге чейин берүү зарыл.

Объекттин курулушун аяктоо 2024-жылдын 31-октябрына белгиленген.