Жол эрежесин одоно бузган коомдук транспорттун беш айдоочусу иштен алынды

Борбор калаада жол эрежесин одоно бузган коомдук транспорттун беш айдоочусу иштен алынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы жол кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо боюнча иш алып барууда.
«Ишкананын жума сайын өткөрүлүүчү ички комиссиясынын чечиминин негизинде жол эрежесин одоно бузган коомдук транспорттун беш айдоочусу жумуштан четтетилип, 18 айдоочу 100 пайыз сый акысынан ажыратылды. Буга чейин жол эрежелерин одоно бузган беш айдоочу жумуштан кетип, үч айдоочу сый акысынан ажыратылган», — деп билдирди мекеме.

Ошондой эле мэрия Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы айдоочуларды жол кыймылынын эрежелери боюнча сынактан өткөрүп жатканын кошучмалады.