Садыр Жапаров мектептерди 12 жылдык билим берүүгө өткөрүүнү колдоду

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы мектептерди 12 жылдык билим берүүгө өткөрүүнү колдоду.

Мектепти аяктагандан кийин окуучу кайсы бир кесип боюнча күбөлүк алат.

Садыр Жапаров 13-марттагы жыйында «12 жылдык билимге «нөлүнчү класс» да киреби же окуучу 13 жыл окуйбу?» деген суроо салды.

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 12 жылдык билим берүү менен окуучулардын жаш курагы өзгөрбөй турганын белгиледи. Бүгүнкү күндө билим берүү системасында «нөлүнчү класс» бар. 12 жылдык билим берүүнүн алкагында «нөлүнчү класс» алынып салынат, бул учурда орун алган кайталоону жок кылат.

Президент, эгер «нөлүнчү класс» алынып салынса, бул идеяны колдой турганын билдирди. «Эч кандай айырма жок. «Нөлүнчү классты» алып салып, 12 жылдык билим берүүгө өтөбүз. Бирок мектепти аяктагандан кийин кандайдыр бир кесип боюнча адис даярдай алабызбы?» – деп сурады ал.

Кендирбаева 10-11-12-класстарда кесиптик билим берүүгө басым жасалып, адистештирилген класстар ачыларын айтты: чач тарач, тигүүчү, ашпозчу ж.б. Ошондой эле тилдерди жана илимди тереңдетип үйрөнүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.