Мэрия бишкектиктерди жазгы ишембиликке катышууга чакырат 

Бишкек мэриясынын Муниципалдык инспекциясы тарабынан келе жаткан жалпы шаардык ишембиликтерге карата жергиликтүү муниципалитеттердин башчылары жана айыл өкмөттөрдүн кызматкерлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушууда муниципалдык инспекциянын бөлүм башчылары аймактык башкармалыктардын өкүлдөрүнө шаардыктарды жанаша жайгашкан жерлерди тазалоого, короо тилкелерин, сейил бактарды, скверлерди көрктөндүрүүгө, жолдорду, тротуарларды жана унаа токтоочу жерлерди тийиштүү абалга келтирүүгө, ошондой эле газондорду кургак шагылдардан жана былтыркы жалбырактардан тазалоого активдүү катышууга чакырышты.

Инспекторлор ишембиликтин катышуучулары тарабынан таштандыларды, өсүмдүктөрдү өрттөөгө жана тиричилик, өндүрүштүк жана өнөр-жай калдыктарын уруксатсыз төгүүгө жол бербөөнү баса белгилешти.

Эки айлык ишембилик учурунда муниципалдык инспекция күн сайын рейд жүргүзүп, бекитилген аймактардын экологиялык абалына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылат.

Эскерте кетсек, Бишкекти көрктөндүрүү, санитардык тазалыкты камсыз кылуу жана жашылдандыруу боюнча иш-чара 11-марттан 11-майга чейин өтөт.