Жети-Өгүз районунун Тамга айыл өкмөтүнүн адиси пара менен кармалды 

Жети-Өгүз районунун Тамга айыл өкмөтүнүн адиси пара менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 4-башкармалыгынын кызматкерлери Жети-Өгүз районунда жер тилкесин берүүдө мыйзамсыз коррупциялык аракеттер бар экендигин аныкташты.

Алынган маалымат боюнча, Тамга айыл өкмөтүнүн адиси кызмат абалынан пайдаланып жергиликтүү жарандарга көл жээгинде жайгашкан жер тилкелерин ижарага берүүдө акча каражаттарын талап кылып алып жүргөндүгү тууралуу маалымат алынган.

Текшерүү убагында ал кызматкер мурда жарандан алган акчаларды кайра өткөрүп бергенге аракет кылып жүргөндүгү белгилүү болгон. 7-март күнү КИББдин Төртүнчү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан аталган айыл өкмөтүнүн адиси мурда пара катары алган акчаны Жети-Өгуз районунун тургунуна кайра кайтарып берип жаткан жеринен кармалган.

Азыркы учурда КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (“Опузалап пара алуу”) менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Кармалган жарандын башка фактыларын аныктоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Тергөө иштери уланууда.