Кыргызстандын Улуттук банкы 12-мартта валюта рыногуна 8 млн 350 миң АКШ долларын сатты.
Белгилей кетсек, бул 2024-жылдын башынан бери жасалган экинчи интервенция — 2-февралда башкы финансылык жөнгө салуучу орган 23,5 млн доллар саткан.
Азыркы учурда доллардын расмий курсу 89,43 сом, евро – 97,70 сом болууда.