
Кыргызстанда Орозо айы 11-мартта башталат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 10-мартта таравих намазы окула баштайт.
Бир жылда отуз күн орозо кармоо, тагыраак айтканда, күн бою наар тартпай жүрүү – Ислам дининдеги негизги беш парздын бири.