Кыргызстанда Орозо айы 11-мартта башталат

Кыргызстанда Орозо айы 11-мартта башталат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-мартта таравих намазы окула баштайт.

Бир жылда отуз күн орозо кармоо, тагыраак айтканда, күн бою наар тартпай жүрүү – Ислам дининдеги негизги беш парздын бири.