Адамдарга телефон чалып алдап, акчасын тоноп жүргөн 19 жаштагы бала кармалды

Бишкек шаарынын тургунуна WhatsApp аркылуу белгисиз адам телефон чалып, өзүн М-Банктын кызматкеримин деп тааныштырып, коопсуздук маселеси боюнча жардам берүүнү сунуштаган. Андан кийин жабырлануучунун эсебинен 1,4 миң доллар жоголгон.

Мындан тышкары, алдамчы арыз аркылуу аялдын атына эки банктан жалпы суммасы 119 600 сомдук кредит алган. Жабырлануучу милицияга кайрылып, кылмышка шектүү делип 19 жаштагы Т.Ж. кармалды.