Министрлер кабинетинин төрагасы Rotschild and Co компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту 

 Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Rotschild and Co компаниясынын башкармалыгынын мүчөсү Ариэль Малар де Ротшильд менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө улуттук стратегиялык ири долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвестиция тартуу жана консультациялык кызматтарды көрсөтүү боюнча кызматташуу маселелери талкууланды.

Тараптар финансылык жана инвестициялык чөйрөдө өз ара аракеттенүүнү жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.


Маалымат үчүн: Rothschild & Co – Ротшильд үй-бүлөсүнүн француз жана англис мүчөлөрү тарабынан көзөмөлдөнгөн жана башкы кеңсеси Лондондо жайгашкан финансылык холдингдик компания. Бул Ротшильд банк тобунун флагманы.

Фирманын банк ишкерчилиги инвестициялык банкинг, реструктуризациялоо, корпоративдик банкинг, жеке капитал, активдерди башкаруу жана жеке банкинг чөйрөлөрүн камтыйт. Ал ошондой эле өкмөттөр менен ири корпорацияларга кеңешчи жана кредитор катары белгилүү. Мындан тышкары, компаниянын өзүнүн жеке инвестициялык эсеби бар.