Балыкчы шаарында уникалдуу мектепке чейинки билим берүү мекемеси – “Этно-бала бакчанын” салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Иш-чарага президенттин өкүлү Эмилбек Абдыкадыров, Балыкчы шаарынын активи жана меймандар катышты.
Бул инновациялык долбоор, өсүп келе жаткан муунга кыргыз элинин каада-салтынын, нарк-насилинин жана маданий мурасынын адатында тарбияланууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берет.
Облус жетекчи Абдыкадыров өз сөзундө улуттук баалуулуктар боюнча түшунуктү жаш кезинен билип таалим тарбия алуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
“Этно-бала бакчада” тарбиячылар балдарды маданиятыбыз менен сыймыктанууга, мекенчилдикке тарбиялоого жана чыгармачыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө багытталган кызыктуу иш-чараларды өткөрүп татыктуу инсандарды тарбиялоого салым кошот деп ишенем”, – деди ал.