«Бишкекжылуулуктармагынын» балансындагы бардык абоненттер циркуляциялык режимге кошулду

Жылуулук системасынын тоңуп калбашы үчүн “Бишкекжылуулуктармагынын” балансындагы бардык абоненттер циркуляциялык режимге кошулду. Бул тууралуу «Бишкекжылуулуктармагы» – «Электр станциялар» ААКтын филиалы билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, ведомстволук абоненттерге ысык суусуз циркуляциялык режим жөнүндө маалымат берилди.

«ЖЭБдин чыга беришиндеги түтүктө температура саат 8.00дө, 35 градустан 68 градуска чейин кармалууда», – деп айтылат маалыматта.