Кыргызстан менен Евробиримдик авиация тармагындагы коопсуздукту жана натыйжалуулукту камсыздоо боюнча кызматташууну өнүктүрөт

Кыргыз Республикасынын делегациясы Борбор Азия менен Европанын ортосундагы туруктуу транспорттук байланыштар боюнча Инвесторлор форумуна катышты. Аталган иш чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Б.Э. Төрөбаев жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинин директорунун милдетин аткаруучу Данияр Бостонов Еврокомиссиянын мобилдүүлүк жана транспорт боюнча башкы дирекциясынын авиациялык коопсуздук башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Питер Соренсен менен жолугушту. Жолугушууда Кыргызстандын Евробиримдиктин кара тизмесинен чыгуу маселеси талкууланды.

Жыйында Д.Бостонов авиация тармагын өркүндөтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар, анын ичинде жаңы технологияларды киргизүү, инспекторлорду даярдоо, материалдык-техникалык базаны жаңылоо, Жарандык авиациянын мамлекеттик администрациясын имаратын реконструкциялоо, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана коопсуздукту камсыз кылуунун жол-жоболорун жакшыртуу боюнча кеңири маалымат жана презентация берди.

П.Соренсен DG Move өкүлдөрү менен акыркы жолугушуу 2023-жылдын жазында болгонун эске алып, кыска убакыттын ичинде аткарылган иштерди жогору баалады. тыгыз кызматташып, өз ара аракеттенүү ниетин билдирди.

Д.К. Бостонов авиация тармагында коопсуздукту жана эффективдүүлүктү камсыз кылуу үчүн Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы тажрыйба алмашуу менен катар байланыштарды жана кызматташтыкты улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар келерки кеңейтилген техникалык жолугушууну быйыл Брюсселде өткөрүүнү макулдашышты.