Ош облусунун жараны “Хизб-ут-Тахрир” экстремисттик тыюу салынган уюмунун мүчөсү болуудан баш тартты

ИИМдин ЭММКАКтын кызматкерлери  Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматы менен биргеликте түзүлгөн иш-мерчемдин алкагында экстремисттик уюмдардын чагымчыл иш аракеттерине бөгөт коюу максатында комплекстүү ыкчам алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү.

Жаза аткаруу мекемелеринин биринде жаза өтөп жаткан жарандардын арасында жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында Ош облусунда экстремисттик “Хизб-ут-Тахрир” тыюу салынган уюмунун мүчөсү катары каттоодо турган А.И. аттуу жаран, бул уюм экстремисстик уюм экендигине көзү жетип, “Хизбут-Тахрир” экстремисттик тыюу салынган уюмунан өз ыктыяры менен чыккандыгын билдирип, ал боюнча кайрылуу жасап, коомчулукка мыйзамсыз аракеттерден алыс болууга чакырып, аталган уюмдан чыгууга үндөдү.