Ташиев: “Бул кафе кимдики? Бакиевдердикиби? Мамлекетке кайтаргыла!“

“Мен келип тазалашым керекпи?! Эмне карабай отурасың!” Камчыбек Ташиев Жалал-Абаддагы “Курманбек” стадионунун директоруна каарын төктү

УКМК төрагасы оюн талаасынын айланасын мышык ыйларлык деп сыпаттап, тез арада тазалап-жыйноого тапшырма берди. Аны менен катар мурда менчикке өтүп кеткен стадиондун жерлеринин баарын кайтарууну буюрду. Анын арасында Бакиевдерге таандык кафе дагы бар.