Райымбек Матраимовго издөө жарыяланды

 Кыргызстанда мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго издөө жарыялады.

Ички иштер министрлигине атайын кызматтан багыттама келип түшкөн.

Алдын ала маалыматтарга караганда, ал Кылмыш жаза кодексинин 169-беренесинин 2 жана 3-пункттары боюнча айыпталууда

Матраимовдун кайда жүргөндүгү тууралуу маалыматы барлар төмөнкү номерлер аркылуу кабар берсе болот — 0312 26-62-61, 0550 25-25-89, 0700 35-55-87.